Жарыя
Fotogaleri eklendi

Урматтуу илимпоздор жана туризм тармагынын кымбаттуу өкүлдөрү,

Дүйнөлүк деңгээлде туризмдин өтө тез өнүгүүсүнө байланыштуу ар жылы жаңы дестинациялар пайда болуп, алардын рынокто алдыга умтулууларына күбө болуудабыз. Буга байланыштуу Түрк дүйнөсүнүн өлкөлөрүнөн, өздөрүнүн экологиялык жактан салыштырмалуу жакшы сакталган жаратылышы жана бай маданияты аркылуу, туристтик рынокто жаңы ачылыштарды жасоолору күтүлүүдө. Бирок, Түрк дүйнөсүндө туризм кубулушунун мындан да пайдалуу болуусуна жол издеп, тереңирээк изилденишине себепчи боло тургандай илимий жыйындар абдан эле чектелүү. Түрк Дүйнөсү Туризм Симпозиумунун биринчиси 2015-жылы Кастамону университетинин Туризм факультети тарабынан уюштурулуп, 2016-жылы болсо Казахстандын Чет тилдер жана кесиптик карьера университети аркылуу улантылды. Симпозиумдун үчүнчүсү болсо Кыргыз Түрк Манас Университетинин Туризм жана мейманкана иштетүү жогорку мектеби тарабынан уюштурулмакчы.

Ушул себептүү урматтуу изилдөөчүлөрдү жана тармактын өкүлдөрүн Кыргызстандын борбор шаары Бишкекте тосуп аларыбыздан кубанычта экенибизди билгизип, терең урматым менен,

 

Доц., Др. Барыш ЭРДЕМ
Кыргыз-Түрк Манас Университети
Үчүнчү Эл аралык Түрк дүйнөсү туризм симпозиумунун Уюштуруу комитетинин төрагасы

 

Kyrgyz-Turkish Manas University http://www.manas.edu.kg